Таалайбек Сарыбашев Оштун мэри болуп шайланды

1697

Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Оштун мэри болуп шайланды. Шайлоого катышкан 45 депутаттын 44ү «макул» деп добуш берип, бирөөсү гана каршы болгон.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри кызматына Таалай Сарыбашевди шаардык кенештеги көпчүлүк фракция көрсөткөн, калаа башчылыгына андан башка талапкерлер чыккан эмес. Буга чейин Сарыбашев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп эмгектенип келген.

Ал эми бүгүн жыйында Таалайбек Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча өз программасын депутаттарга сунуштап, 2 жыл аралыгында калааны иретке салып, өнүктүрүүгө убада берди. Ал үчүн ишкерлерге колдоо көрсөтүп, туризмди өнүктүрүп, шаардык казынадагы көмүскө каражаттарды ачыкка чыгарып, бала бакча, мектептерди куруп, билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүнү башкы максаты катары белгиледи.

Андан соң, депутаттар суроолорду бербей, каало-тилектерди айтту менен, бир добуш менен колдошту. Эске сала кетсек, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.