Таалайгүл Исакунова социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду

720

Таалайгүл Исакунова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Соңку мезгилде Исакунованын дарегине көп сын айтылып келген. Башкы прокуратура ал жетекчи былтыр премьер-министрдин уруксаты жок чет өлкөлөргө көп иш сапарларга барганын аныктаган.

Ошондой эле, мурдагы министр командировкаларга күйөөсү менен уулун алып жүргөнү да белгилүү болгон. Исакунованын айрым иш сапарларына бюджеттен акча коротулганы да маалымдалган.