Таазим силерге, афганчылар! (видео)

967

Советтик армиянын Афганистандан чыгарылганына 30 жыл толду. Буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтүп, ага мамлекет жетекчиси Сооронбай Жээнбеков катышты. Президент өз сөзүндө, аскердик милдетин берилүү менен аткарган мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, алардын каармандыгын даңктайбыз деп билдирди.

Тогуз жылга созулган согушка 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылып, алардын 249 Афганистанда курман болушкан.