«Таблиги жамаат» диний агымына тыюу салуу керекпи? (видео)

845

Жогорку Кеңеште бул сектага тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу айтылды. Анда бул жамааттын ишмердүүлүгүнө Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБ, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө тыюу салынганы жүйөө катары келтирилген. Болбосо биргиликте кабыл алынган конвенцияларды аткарууда түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн, дешет эл өкүлдөрү.

Ал арада дин таануучулар тыюу салуу менен маселе чечилбей турганын айтышууда. Бул жерде түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен абалды жөнгө салуу керек, дешет алар. Ал эми Бишкекке атайын иш-чарага катышуу үчүн келген Россиянын азирети муфтийи «Таблиги жамаат» диний агымы Россияда өтө радикалдашып кеткенин айтууда.