Таэквондонун жаш чеберлеринин таймашы (видео)

645

Бишкек шаарында Таэквондо федерациясынын эл аралык турнири өттү. Мелдеш өткөн  дем алыш күндөрү болуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан жалпысынан 200 спортчу катышты. Таэквондо боюнча экинчи жолу өткөн турнир келе жаткан Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган.

Эскерте кетсек, жеке таймаштын бул түрү Кыргызстанда кеңири жайылууда. Дүйнөлүк рейтингде биздин өлкөнүн таэквондочулары алдыңкы ондукка кирет.