Таенеси тарабынан сабалган майып кыз (видео)

1848

Таянеси тарабынан сабалган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз камкорчулардан алынып, социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Учурда ооруканада дарыланууда. Эске салсак, окуя 3 күн мурда Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда катталып, анда майып карындашын агасы алып кетүүгө барганда таенеси буга каршылык көрсөтүп, кызды ур-тепкиге алган.

Аргасы кеткен агасы карындашын коргоо үчүн милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылууга мажбур болгон. Аталган факты бирдиктүү реестрге катталып, “үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча кылмыш иши ачылды.