Тайгактан Төө-Ашуу жабылабы? (видео)

4513

Бишкек мэриясынын алдындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасы мамлекетке 15 миллион сом зыян келтирген. Башкы прокуратура бул боюнча 3 берене менен кылмыш ишин козгоду. Анда акча каражатын төлөөдө жана ишкананын товардык-материалдык баалуулуктарын эсептен чыгарууда мыйзам бузуулар болгон.

Ал ортодо кыш келгени биринчи жолу калыңырак жааган кар, борбор калааны белчесинен балчыкка батырып койду. Ордо калаанын көчөлөрүнө туз себилген бойдон тазаланбай калганы эртең менен шаардыктарга бир топ кыйынчылык жаратты. Айрым көчөлөр болсо таптакыр эле кардан тазаланган эмес. Бул бишкектиктердин нааразычылыгын жаратып, мэриянын кышка даяр эместигин сынга алышууда.