Тайказан жок көк-бөрүгө улакчылар эмне дейт? (видео)

1585

Быйыл Өзбекстанда өтө турган көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты көкпар эрежеси менен болсо, ага Кыргызстан катышпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди. Учурда Өзбекстандагы дүйнө биринчилигин көкбөрүнүн эрежеси менен өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. 14-февралда Астанада Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, анда улакчылар менен аттардын коопсуздугу үчүн тайказандан баш тартып, улактын ордуна муляж колдонуу чечими чыгарылган.

Бул сунушту жыйынга катышкан 9 өлкөнүн өкүлдөрү бир добуштан колдоп, жаңы эл аралык эрежелер кабыл алынган. Эми Өзбекстанда өткөрүлө турган Дүйнө биринчилиги кайсы эреже менен өткөрүлөт деген суроо жаралууда. Мындан тышкары, көкбөрү эл аралык деңгээлде таанылбай калабы деген да кооптонуулар бар экен.