Таиландда үңкүрдөгүлөрдү куткаруу боюнча операция уланууда

654

Таиландда үңкүрдөгүлөрдү куткаруу боюнча операциянын үчүнчү баскычы башталды. Анын жыйынтыгы менен куткаруучулар үңкүрдөн акыркы төрт баланы жана алардын машыктыруучусун чыгарышы керек. Алар менен бирге жердин алдынан төрт аскер кызматкери менен дарыгерди көтөрүү пландалууда. Буга чейин суу толуп калган үңкүрдөн сегиз бала куткарылган болчу.

Белгилей кетсек, 23-июнда жергиликтүү мектептин футбол боюнча курамасындагы 12 бала машыктыруучусу менен 7 чакырымга жеткен Тхам Луанг үңкүрүнө барып жоголуп кетишкен. Жамгырдан улам ташкын болуп, үңкүргө кирген суу жолду бууп, кайра чыга албай калышкан. 10 күн издөө иштери жүрүп, акыры суучулдар үңкүрдүн кургак жеринен балдарда аман-эсен таап алышкан.

Учурда Таиландда жамгырдын учуру болгондуктан, үңкүрдү каптаган суу азайбай жатат. Аларды куткаруу операциясына 10 өлкөдөн 1000дей адам катышып жатат. Операциянын жүрүшүндө куткаруучулардын бири — армиянын суучулу курман болду. Ал эми буга чейин чыгарылган сегиз бала ооруканалрга жеткирилип, учурда алар тиешелүү жардам алышууда.