Тайвань аралында поезд рельстен чыгып, 22 адамдын өмүрүн алды

680

Кытайдын Тайвань аралында поезддин кырсыкка учурашынан улам набыт болгондордун саны 22 адамга жетти. Ал эми жарадарлардын саны 150дөн ашат.

Учурда авариянын себептери иликтенүүдө. Башта берилген маалыматтарга караганда, тез ылдамдыкта жүрүүчү поезд рельстен чыгып кеткен. Анын ичинде 366 жүргүнчү болгон.

Эске салсак, 3 күн мурда Индияда дагы поезд жолдон чыгып кетип, жол боюнда турган кишилерди сүзгөн. Анын кесепетинен 61 адам каза таап, жүзгө жакын киши оор жаракаттарды алды.

Бул кырсыкка байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтты.