Тайвандагы жер титирөөдөн 100дөн ашуун адам жаракат алды

752

Тайвандагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында 2 киши набыт болуп, 100дөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алышты. Тайван өкмөтүнүн башчысынын маалыматына караганда, Хуалянь шаарында жердин силкинүүсүнүн күчү 6,4 баллга жеткен. Ошондой эле, жарат алгандардын айрымдарынын абалы өтө оор деп бааланып жаткандыктан, курмандыктардын саны өсүү коркунучу сакталууда.

Жаратылыш кырсыгынан аталган шаарда бир топ имараттар кыйраганы белгиленүүдө. Мисалы, 10 кабаттуу «Маршал» мейманканасынын тургундарынын бардыгы толугу менен куткарылып бүтө электиги кабарланууда. Атайын кызматтын өкүлдөрү жарым-жартылай кыйраган имараттардан 28 адамды чыгарышкан. Бул аймакта 3 күн мурда эле силкинүү күчү 6,4 баллды түзгөн зилзала катталган.

Тайванда 1999-жылы 7,6 баллдык зилзала катталып, ал 2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. 2016-жылы болсо, мындай жаратылыш кырсыгынан 100 адам каза тапкан.