Тайвандагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 9 адамга жетти

741

Тайвандагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 9 адамга жетип, 145 киши дайынсыз. Эске салсак, силкинүү күчү 6,5 баллга жеткен зилзала 3 күн мурда түн ортосунда Тайвандын Хуалянь шаарына жакын жерде болуп, анда шаардагы бир топ имараттар кыйраган.

Бүгүнкү күндө да, издөө-куткаруу иштери тынбай жүрүүдө. Дайынсыз жоголгондор урандылардын алдында болушу толук мүмкүн, дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Тайвань аралында жер титирөө бат-баттан болуп турат.

1999-жылы өлкөдө 7,6 баллдык зилзала катталып, ал эки миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. 2016-жылы болсо мындай жаратылыш кырсыгынан 100 адам каза тапкан.