Тайырбек Сарпашев тергөө органдарына чакырылышы мүмкүн (видео)

937

Жакынкы күндөрү Тайырбек Сарпашев тергөө органдарына чакырылышы мүмкүн. Буга ал Мамлекеттик каттоо кызматын башкарып турган учурда баланын туулгандыгы тууралуу 40 миң жараксыз күбөлүк чыгарылганы себеп болгон. Аталган факты боюнча 2017-жылдын март айында Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлгөн.

Бирок ал эки айдан кийин токтотулган. Эксперттер бул ишти аягына чыгарып, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу керектигин айтышууда. Андан тышкары, Тайырбек Сарпашевге байланыштуу башка чуулгандуу фактыларды дагы текшерүү керек дешет алар.