Такси айдоочусуна күч колдонгон милиция кызматкери (видео)

1087

Такси айдоочусуна күч колдонгон Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 милиция бөлүмүнүн башчысы менен аймактык тескөөчүсүнө катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Баш калаа милициясы маалымдагандай, чыр-чатак болгондон кийин, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Эскерте кетсек, эки күн мурда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда унаасын токтоткон таксистке милиция кызматкерлери кыйкырып, машинасын туура эмес жерге токтоттун, деп айдоочуга күч колдонуп, жаңжал салышкан. Бул окуяга күбө болгондор чатакты уюлдук телефонго тартып алып, интернетте жарыялап жиберишкен.