Такси кызматын көрсөткөндөргө талап күчөтүлөт (видео)

685

Кыргызстанда такси кызматын көрсөткөндөргө каттоого туруу милдеттендирилет. Буга байланыштуу документти Транспорт министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Азыркы мыйзам боюнча таксидегилер патенттин негизинде иштешет. Бирок айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылган талаптарды аткарбай келишет.

Мындан улам такси кызматын көрсөткөндөрдү Транспорт министрлигинде каттоого алуу сунушталууда. Андан баш тарткандарга жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Ошондой эле, автоунаалар таксометр жана атайын белгилер менен жабдылышы керек. Бирок бул демилгеге каршы чыккандар да бар.