Такси кызматын пайдалануу кооптуу болуп калдыбы? (видео)

752

Буга чейин жүргүнчү кызды зордуктоого аракет кылды, деп шектелип кармалган таксистке карата дагы 2 аял арыз берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, даттанган кыз-келиндер кылмышка шектүүнү телевизордогу жаңылыктардан көрүп таанышкан. Убагында алар ыпылас аракетке барган адамды тартип сакчылары таппайт деген ойдо укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Ал арада, дагы бир такси айдоочусу жаш кыздарга карата ыплас аракеттерди жасаганы тууралуу белгилүү болду. Бул жолу машинаны башкарган адам кардарларына СМС менен ыпылас сөздөрдү жазган.