Таксидеги кардарын зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды

892

Бишкекте унаасында хижапчан кызды түшүрбөй, катуу ыйлаткан таксинин айдоочусу кармалды. Шаардык милициядан кабарлашкандай, ал 49 жаштагы жаран болуп чыкты. Буга чейин интернетте «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаадан куткарылган кыз тууралуу тартылган тасма тараган. Анын авторлору таксинин айдоочусу кардарын зордуктоого аракет кылып жатканда токтотулганын айтышкан.

Бул боюнча тартип сакчыларына эч ким арыз менен кайрылган эмес. Видео интернетке тарагандан кийин, милиция таксистти кармап, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн аны Октябрь райондук тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Маалыматтарга караганда, бул окуя 26-ноябрь күнү кечинде болгон. Ичинен бекитилген унаадан куткарылган жүргүнчү кыз жардамга келген балдарга чоо жайды түшүндүрбөй, ыйлаган бойдон качып кеткен.

Ал эми, айдоочу машинасынан чыкпай койгон. Видеого машинанын номуру жана таксисттин жүзү тартылып калган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.