Таксисттин колу-бутун байлап, камышка ыргыткан шектүүлөр кармалды

5952

Таксисттин колу-бутун байлап камышка ыргытып жиберди делген шектүүлөр кармалды. Аларды Чүй менен Аламүдүн районунун криминалдык милициясы колго түшүргөн. Такси айдоочусунун өмүрүнө кол салуу 28-октябрда Калыс-Ордо жаңы конушунда болгон.

Кылмышка шектүүлөр унаага отуруп, шаар четиндеги айылга жеткирип коюуну суранышкан. Калыс-Ордо конушуна жеткенде алар таксистке бычак такап, жанындагы 7 миң сому менен уюлдук аппаратын тартып алышкан. Андан соң айдоочунун көзүн, оозун скотч менен танып, колу-бутун байлап туруп камыштардын арасына ыргытып жиберишкен.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине «каракчылык» беренеси менен каттоого алынган. Сотко чейинки териштирүү иштери башталып, кармоо үчүн атайын план жарыяланган. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында эки шектүү кармалды. Алар мурда соттолгон 23 жана 22 жаштагы жарандар экени аныкталды. Колго түшкөндөр учурда тергөө абагында.