Тал-Афар шаарында Борбор Азия жарандарына таандык паспорттор табылды

1139

Ирактын согушкерлерден бошотулган Тал-Афар шаарында Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандык жарандарга таандык паспорттор табылды. Ал документтердин арасында Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Судан мамлекеттерине таандык паспорттор бар. Бул документтердин ээлеринин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулганын тастыктаган жазуулар да чыккан.

Бирок ал кагаздарга эч кандай дата көрсөтүлгөн эмес. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматка расмий кат түрүндө жооп берээрин билдирди. 20-августтан тарта Ирак армиясы Тал-Афар шаарын «Ислам мамлекети» тобунун экстремисттеринен бошотуу операциясын баштаган болчу. Ал убакта бул аймакта 2 миңден ашуун терористтер бар экени белгиленген.