Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосу алынарын билдирди

4055

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага болуп жаңы шайланган Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосу алынарын билдирди.

«Биз Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салып, мындан ары элге жакын болууну көздөйбүз. Бул боюнча кечээ эле премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен сүйлөштүк. Ушуну менен үчүнчү ирет парламенттин имараты талкаланып жатат. Коргонгон сайын эл бизди туура эмес түшүнөт. Бизди ошол тосмо сактап калган жок, сактабайт дагы. Эл менен бийликтин ортосунда тоскоолдук болбош керек. Ушундан улам парламент имаратынын айланасындагы тосмону алып салууну карап жатабыз. Сиздер да туура көрсөңөр, биз элге жакын иштейли, тосмону алуу идеясын мен колдойм», — деди Мамытов.

Аны менен бирге Мамытов 5-октябрдагы башаламандыктардан кийин талкаланган Ак үйдү оңдоо иштерин баштоону колго аларын айтты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.