Талант Мамытов кызматын тапшырбайт, шайлоого да катышат (видео)

2489

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын дагы тапшырбайт, парламенттик шайлоого да катышат. Бишкектин административдик соту спикердин өтүнүчүн канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Партиянын юристтеринин спикер дайындалуучу эмес, шайлануучу кызмат жана жогорку мыйзам чыгаруучу органдын жетекчиси ордун бошотуп берген учурлар мурда болгон эмес деген жүйөө келтирип, фемида өкүлдөрү ага макул болду. Эми Боршайком өз чечимин коргоп, Жогорку сотко доо арыз менен кайрылабы, азырынча белгисиз.