Талант Мамытов шайлоого барбай калды (видео)

1793

«Ынтымак» саясий партиясы Боршайкомдун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкектин Административдик сотуна кайрылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында жумушчу тобу Талант Мамытов парламенттин спикерлик кызматын тапшырбаганына байланыштуу, аны каттабай коюуну сунуш кылган.

Ал көпчүлүктүн колдоосун тапкан. Себеби жаңы мыйзамга ылайык, саясий өнөктүккө бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан биротоло кетиши керек. Бирок Мамытов төрагалык милдетин убактылуу гана тапшыра турганын билдирген тескеме жөнөткөн.