Талантбек Исаев ИИМдин МАККББнын жамаатына тааныштырылды

818

Генерал-майор Талантбек Исаев Ички иштер министрлигинин адистештирилген мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, бүгүн жамаатка тааныштырылды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, Талантбек Исаев туура бир жыл мурда ушул эле кызматтан өз каалосу менен кеткен болчу. Анда анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата «бийликти күч менен басып алуу» жана «кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринин негизинде иш козголуп, тергөө абагына кармалгандан кийин, генерал-майор өз эрки менен отставкага кеткен.

Учурда Канат Исаев камактан бошотулуп, парламентке кайтып келип, ага карата ачылган бир кылмыш иши токтотулуп, экинчиси — кошумча иликтөөгө жөнөтүлгөн.