Таланттарга бай «Тазалык» ишканасы (видео)

5917

Муниципалдык мекеменин кызматкери Лейла Касько мырзалардан кем калышпай футбол ойнойт. Түшкө чейин калаа көчөлөрүн мизилдете тазалаган айым түштөн кийин топ ойноп, шаар тургундарын таң калдырат. Лейла Касько футбол оюнунун баардык ыкмаларын өзгөчө жөндөмдүүлүк жана шамдагайлуулук менен аткара алат.

Убагында ал футбол боюнча аялдар арасында улуттук курама командада ойноп, Кыргызстандын намысын коргоп келген. Бирок үй-бүлөлүк шартына жана ошол убакта спорттун бул түрүнө тийиштүү көңүл бурулбаганына байланыштуу футболду таштаганга аргасыз болгон.