Талапкерди колдогон адамды белгисиз адамдар ур-токмокко алды

729

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош областынын Араван районундагы Юсупов айыл аймагындагы штабынын 25 жаштагы өкүлү Мойдун Халилов белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалды. Жабырлануучунун айтымында, чымыр денелүү балдар аны ээн жерге алып барып ук-токмокко алып, коркутуп, «Бабановдун штабы акча таратып жатат» деп айтууну талап кылып кыйнашкан. Муну алар телефонго жаздырып алышкан. Учурда жабырлануучу өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн коркуп жатканын жана кол салгандар тарабынан ар кандай коркутуулар болушу мүмкүн деген себеп менен өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып жатканын билдирди.