Талапкерге каршы уюштурулган чагымчылдык тууралуу маалымат ачыкталды

1692

Ош шаарынын тургуну төбө чачты тик тургузган билдирүү жасады. Дурбек Алимжанов  президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы уюштурулган чагымчылдык тууралуу маалыматты ачыктады.

Анын айтымында, беш киши аны ээн жерге алып чыгып, мык суургуч менен уруп-сабап, желим ок менен атып, кыйноого алып, Өмүрбек Бабановду каралаган жалган сөздөрдү айттырып, аны телефондоруна тартып алышкан. Ошондой эле, Алимжановго Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө бир сутка убакыт беришкен.

Бирок акыйкат издеген жаран журналисттерге кайрылып окуянын чоо жайын айтып берди. Ал тартип сактоо органдарына арыз жазып, президенттен тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.