Талапкерге жалаа жабуу үчүн башканын атын жамынган ким? (видео)

1171

Чүй областынын Маевка айылынын тургуну Темир Махмудов, анын атынан президенттикке талапкерлердин бирине каршы арыз жазган адамды таап жазалоо өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Добуш сатып алуу аракети болду деп анын атынан белгисиз бирөө бир катар органдарга кат жазган. Анын көчүрмөсү Аламүдүн райондук прокуратурасына, Чүй областтык Ички иштер башка башкармалыгына, Борбордук шайлоо комиссиясына почта аркылуу жөнөтүлгөн. Ишти иликтөө үчүн аны менен орган өкүлдөрү байланышканда, Темир Махмудов түшүнбөй калган. Териштире келгенде, анын атын пайдаланып тымызын иштер жасалганы аныкталган. Эми Махмудов кат анын колу менен жазылбаганын аныкташы керек.