Талапкерлерди жаманатты кылуу үчүн ыплас чагымчылдык жасалууда (видео)

719

Президенттикке талапкерлердин айрымдарын жамантты кылуу үчүн ыплас чагымчылдык жасалууда. Жарандык активист делген Мелис Аспековдун кармалышын коопсуздук боюнча адистер дал ушундай аташууда. Белгилей кетсек, кечээ аты аталган жарандын бир канча адам менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Анда ал президенттик жарышка катышып жаткан бир топ талапкерлердин ысымдарын атоо менен, шайлоо убагында алар кандайдыр бир башаламандыктарды даярдап жатканын кыйыткан. Аудиожазууда аттары аталгандардын көпчүлүгү Аспековду таанышпайт да экен. Саясий талдоочулар бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жасалган провокация жана ага ишенүүгө болбойт дешүүдө. Айтымдарында, бул терс коомдук пикир жаратып, алдыда келе жаткан кандидаттарга бут тосуу максатында гана жасалып жатат. Шайлоо алдында атайын чагым кимге керек болууда?