Талапкерлердин арызын кайсы тарап кабыл алат? (видео)

1226

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлерди көрсөтүү 13-октябрда аяктайт. Кандидаттардын саясий жарышка катышуу тууралуу билдирмесин кабыл алуу башталган жок. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы 36 шайлоо округунун схемасын жана чек арасын бекитип бүтө элек. Ошондой эле, талапкерлердин арызын кайсы тарап кабыл ала турары белгисиз.

Бул милдет округдук же аймактык шайлоо комиссияларына же БШКга жүктөлүшү мүмкүн. Кыргызстанда биринчи жолу Жогорку Кеңеш аралаш система боюнча шайланган депутаттардан куралганы турат. Айрымдары бир мандаттуу округдан жалаң байлар келерин айтышса, кээ бирлери элге кадыр-баркы сиңгендерге орун берилет деген божомолдору менен бөлүшүүдө.