Талапты аткарбаган тез татым жайлары жабылды (видео)

2606

Талапты аткарбаган тез татым жайлары таптакыр жабылышы ыктымал. Бул тууралуу мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери билдиришти. Алар кезектеги текшерүүсүнө чыгып, буга чейин эскертүү берилген жайларды кыдырышты. Алардын дээрлик көпчүлүгү буга чейинки айтылгандарды аткарбагандары белгилүү болду.

Инспекторлор болсо негизги талап газ баллондорду ашкана ичинде жайгаштырбоо керектигин билдиришүүдө. Бирок өрт коопсуздугуна каршы келген бул эскертүүнү баары эле аткара бербейт.