Талас: Д. Жумабековго каршылар митингге чыгышты (видео)

1953

Депутаттыкка аттанган айрым талапкерлер арасында тирешүүлөр башталып, бири-бирин добуш сатып алууга айыпташууда. Мисалы, Таластын №20 Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор акцияга чыгып, бюллетендерди кайра санап чыгуу талабын коюшту.

Ал эми №16 Ноокен округунан депутаттыкка талапкер Акылбек Арстанбековдун Боршайкомдогу өкүлү, укук коргоочу Анвар Сартаев шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ачкачылык жарыялаганын жар салып, бирок көп өтпөй анысын токтоткону белгилүү болду. Дагы бир топ талапкерлер добуштары уурдалаганын айтып нааразы. Ал эми айрым саясий партиялардын өкүлдөрү болсо, шайлоонун жыйынтыгына күмөн жаралып калгандыктан, кайра добуш берүү өткөрүү керектигин айтышууда.