Талас эли Өмүрбек Бабановду күтүп жатат (видео)

1203

Талас областынын эли Өмүрбек Бабановдун келишин күтүп жатат. Аталган дубандын бир катар тургундары чогулуп, маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар мурдагы премьер-министр, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келүүсүнө шарт түзүлүшү керек дешет.

Тактап айтканда, Бабановго карата саясий өңүттө ачылган кылмыш ишин жабууну талап кылышты. Буга толук негиз бар. Анткени анын Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүндө эч кандай мыйзам бузуу жок экенин 1 эмес, 4 экспертиза тастыктады. Анын бири Россиянын Юстиция министрлигинде жасалган. Бул аргументтер көңүл сыртында калбашы керек, дешет таластыктар.