Талас: кыргыз-казак чек ара чыры жашоону оорлото баштады (видео)

986

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында көзөмөл күчөгөнү Талас областында тамак аштын баасы жогорулай баштады. Айрыкча ундун бир кабы 200-300 сомго чейин кымбаттаганы айтылып жатат. Күнүмдүк керектелүүчү башка азык-түлүктөрдүн тартыштыгы да байкалууда. Ал эми чек арада бир жумадан бери кезекте тургандардын ташып бараткан жер-жемиштери бузула баштады. Ага кошумча, жүк өз убагында дарегине жеткирилбегендиктен, айдоочулар күнүгө 100 доллардан туум төлөгөнгө аргасыз. Бул чыгымдын баарын эч ким жаап бербээри түшүнүктүү.