Талас мэринин унаасынын айнегин талкалаган адам кармалды

699

Бул тууралуу жергиликтүү милиция кызматкерлери билдиришти. Маалыматтарга караганда, окуя 10-июнда болуп, анда Талас муниципалитетинин башчысы Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн бирине барып, көмүрдү мыйзамсыз сатууну, токтотууну талап кылган.

Буга чейин тургунга карата туура эмес жерде соода ишин жүргүзүп жатканы боюнча даттануу түшкөн. Эки тараптын ортосунда кайым айтышуу жаралып, анын жүрүшүндө 57 жаштагы Талас шаарынын тургуну мэрге кол көтөрүп, кызматтык унаасынын айнегин таш менен урган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, «бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү шаардык соттун чечими менен аны сыртка чыкпайт деген кагаздын негизинде коё берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.