Талас шаарындагы куурап калган туялар 20-сентябрга чейин калыбына келтирилет

887

Талас шаарында отургузулганына бир жыл болбой жатып, 90% куурап калган туялар 20-сентябрга чейин калыбына келтирилет. Бул тууралуу шаар мэри Айдарбек Жузупбеков билдирди. Калаа башчысынын айтымында, мэрия менен туяларды алып келген фирма ортосунда макулдашууга кол коюлду.

Ага ылайык, тендерде утуп чыккан фирма, илдеттен улам куурап жатат деп туяларды дарылайт экен. Эгер күз айларына чейин алар айыкпаса, ордуна жаңылары тигилет дейт, шаар жетекчиси.

Эске салсак, былтыр апрелде Талас шаарынын мэриясы Польшадан 2000 миң көчөт сатып алган. Ага «Жерүй» кенинен түшкөн акчадан 4 жарым миллион сомго жакын каражат сарпталып, ар бир туянын баасы 2190 сомдон айланган. Көчөттөрдүн куурап калуусу жергиликтүү активисттердин, тургундардын нааразылыгын жаратууда.

«Кыргызстандын өзүндө эле арзан баада, жергиликтүү климатка ылайыкташкан туя көчөттөрү турганда, өтө кымбат баада Польшадан алдыруунун канчалык зарылдыгы бар эле» дешүүдө. Ошондой эле, алар бул боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү жактар жооп берүүсүн талап кылышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.