Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдогондор иш ташташты

830

Аталган жолду оңдоонун үчүнчү фазасында иштеп жаткандар төрт айдан бери маяна албагандыктан иш ташташкан. Бул тууралуу стратегиялык маанидеги жолду реконструкциялап жаткан «Кыргыз жол курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисинин орун басары Болотбек Сейдакматов билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчулар бир жумадан бери ишке чыга элек. Жалпысынан 50дөн ашык киши жолдун четиндеги тротуарларды оңдоп жаткан.

Ал эми жол куруу ишин толугу менен моюнга алган, тагыраагы жумушчуларга маяна төлөп бериши керек болгон «Чакыр йапы Санайи ве Тижарет» компаниясынан азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Талас-Тараз-Суусамыр автоунаа жолунун үчүнчү фазасы былтыр август айында аягына чыкмак. Бирок түрдүү себептерден улам жолду пайдаланууга берүү быйылкы жылдын июнь айына калтырылган.

Былтыр сентябрда Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 87-чакырымында көпүрө курган курулушчулар да айлык акысын толук ала албай жатканына нааразылыгын билдиришкен эле.