Талаш жараткан курулуш (видео)

633

Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетине таандык болгон коллекциялык питомник, 25 сотых жер тилкесинен айрылып калышы ыктымал. Бул жер 2006-жылы белгисиз себептерден улам Бишкек шаардык мэриясынын карамагына өтүп кеткен. Ал эми 2 жыл мурда Бишкек мэриясынын Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы ал тилкени жеке жактарга сатып жиберген.

Бирок бул тууралуу учурдагы окуу жайдын жетекчилигинин кабары болгон эмес. Качан гана жеке курулуш ишканалардын биринин өкүлдөрү келип, университеттин питомнигинин бир бөлүгүн темир тор менен кармай баштаганда, ортодо жаңжал чыккан. Бүгүнкү күндө эки тарап тең 25 сотых жердин мыйзамдуу ээлери экенин айтышууда.