Талашка түшкөн 3 миң сомдук көмүр (видео)

1589

Бишкекке дагы 16 Камаз Кара-Кече көмүрү жеткирилет. Ал эми кечээ түнү келген 200 тонна кара отун кечке чейин жетпей, түгөнүп калды. Ал арада арзан көмүр алууну каалагандардын саны улам көбөйүп, азырынча бир гана базада уюштурулган жайда бут коерго жер жок.

Кызыл кулактык кылган ортомчулар кирип кетпесин деген ниетте келгендер документтери менен кезекке катталышууда. Ошондой эле, бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана көмүр сатылууда. Тиешелүү мекеменин маалыматына караганда, бул чектөө ташылып келген көмүрдүн көлөмү көбөйгөндөн кийин алынып салынышы ыктымал.