Талашка түшкөн медиктердин жатаканасы (видео)

578

Медицина кызматкерлери аларга убактылуу берилген жатакана бөлмөлөрүн менчиктештирүүнү талап кылышууда. Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан жатакананын тургундары ал жакта кеминде 15 жылдан бери жашап жаткандыктарын айтып, батирлер менчикке өткөрүлүшү керек дешет.

Ал эми имарат тиешелүү болгон Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы квалификацияны жогорулатуу институтунун жетекчилиги болсо, буга мыйзам жол бербей турганын айтууда. Бирок ал жерде ордо калаада турак-жайы жок медицина кызматкерлери жашаганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.