Таласта чагылган бир малчынын 15 коюн өлтүрдү

1036

Окуя кечээ түштөн кийин Манас районунун Жайылган айылында болгон. Талаада жайылып жүргөн койлорго чагылган тийип, 15 кырылып калган.

Ошондой эле, чагылган жерди дагы оюп кеткен. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Талаада 300дөн ашык кой жайылып жүргөн. Чагылган тийгенден кийин 13 кой союлуп, эти таратылган.