Таласта чек арачылардын ок атуусу боюнча кылмыш иши козголду

811

Таласта чек арачылардын ок чыгарышы боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Эки өлкөнүн чек арасындагы окуя 23-январда болгон. Манас районунун Жайылган аймагында Казакстандын 3 жараны 15 жакын жылкыны, Кыргызстандан кошуна өлкөгө мыйзамсыз айдап баратканда, чек арачылар эскертүү берсе баш ийбей, бычак менен коркутушкан.

Аскер кызматкерлери асманга ок чыгарганына карабай, шектүү 3 адам чек арадан өтүүгө аракет кылганда, аларга карата ок атылган. Анын кесепетинен, бирөөсү жарадар болуп, кийин каза тапкан. Ал эми экөө Казакстандын аймагына кирип из жашырышкан. Көп өтпөй, алар кошуна өлкөдө колго түшкөн. Учурда ок атуу боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.