Таласта митинг: Жерүйдөн түшкөн каражат кайда кетти? (видео)

1054

Талас шаарында 100дөн ашуун адамдын катышуусунда митинг болуп өттү. Алар «Жерүй» кенин иштетүү лицензиясына ээ болгон компания чегерген каражаттар максатсыз сарпаталып жатканын айтышууда. Митингге жергиликтүү депутаттар, аткаминерлер жана кайдыгер эмес жарандар чогулушкан. Алардын айтымында, Талас шаарынын инфраструктурасын оңдоого бөлүнгөн 43 миллион сомду шаардагы драма театрын курууга жумшоого аракеттери болуп жатыптыр. Бирок театр юридикалык жактан жергиликтүү бюджетке эмес, Маданият министрлигине караштуу. Анын үстүнө бул максатта мамлекеттик бюджеттен атайын акча каралган. Андыктан 1,5 жылдан бери айрым күчтөр, каражатты мыйзамсыз пайдаланууга аракеттенип жатат, деген шектенүүлөр күч алган.