Таласта мугалимдер коркутууга кабылды (видео)

1142

Талас областынын Кара-Буура районунун жаштары административдик ресурска каршы! Мындай ураан менен район борборунда жөө жүрүш болуп өттү. Анда жергиликтүү аткаминерлер мугалимдер менен дарыгерлерди бийлик талапкери менен болгон жолугушууга мажбурлап алып келгени тууралуу фактылар айтылды. Аткаминерлердин мындай аракеттери өлкөдө таза шайлоо өткөрүү аракетине тоскоол болуп жатат, дешет иш-чаранын катышуучулары. Бул маселе район акими менен болгон кошмо жыйында да көтөрүлдү. Анда Кара-Буура районунун акиминин орун басары жана билим берүү башкармалыгынын жетекчиси бюджет кызматкерлерин бийликтин талапкери менен жолугушууга кыйнап келтиргени тууралуу бир катар фактылар айтылды. Мындан улам, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, дешет жергиликтүү депутаттар.