Таласта тургундар Шыралжын кенин жабууну талап кылышууда

746

Бакай-Ата районунун Май айылынын тургундары Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышты. Жашоочулар мындай талабын Шыралжын кенинде адамдар жоголуп жатканы менен түшүндүрүштү.

Май айылынын 34 жаштагы Рамис Тотонов аттуу тургуну 31-январда иштен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Ал дагы эле табыла элек. Эки баланын атасы алтын чыккан жерде эки жарым жылдан бери иштеп жүргөн.

Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү милиция ырастап, аны издөө иштери уланып жатканын кабарлаган. Буга чейин Шыралжын кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып мерт болгон. Каза болгон адам да Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон.

Аталган кенди «Глобал Шыралжын майнинг» компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.