Таласта түтүнгө ууланган 4 жаштагы кыздын абалы оор (видео)

947

Талас областында түтүнгө ууланган 4 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Учурда ал Бишкектеги оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада. Бөбөк колдорун бир аздан кыймылдата баштады, дешет дарыгерлер.

Ал эми 11-февралда Бишкекте үйү өрттөнүп, иске ууланган 3 бир тууган сакайып ооруканадан чыгарылды. Алардын абалы жакшы. Бирок жаш үй-бүлөнүн бараарга жери жок болгондуктан, аларга демөөрчүлөр бир бөлмөлүү батир ижарага алып беришкен.