Таласта жамандыкта мал союу азайды (видео)

2897

Коронавирус пандемиясынан кийин Талас областында маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча чыгымдан арылуу иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда бул дубандагы көп айылдарда жамандыкта мал союуга тыюу салынууда. Муну жергиликтүү бийлик элет тургундары менен биргеликте демилгелеп ишке ашырып жатышат.

Бул талапты көбү аткарып, ысырапкорчулук азайып баратат, дейт айыл жашоочулары. Ошондой эле, алар бул иш-чараны жайылтуу үчүн мыйзам кабыл алынып, тартипке баш ийбегендерди жазалоо мүмкүнчүлүктөрү киргизилсе дешет.