Таласта жоголгон жылкы үйүрү Казакстандан табылды

1580

Үч жума мурун Таластын Манас районунун Көк-Дөбө айылындагы кыштоодо жоголгон 115 баш жылкы 5-майда Казакстандан табылды. Облустук милициянын басма сөз катчысы билдиргендей, үйүр Жамбыл районунун Гродиково айылынан табылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 107 баш жылкы ээлерине кайтарылды. Калганы өлүп калганы кабарланды.

Үйүр 17-апрель күнү Таластын Казакстан менен чектеш жайгашкан «Иван-Караван» деп аталган кыштоодо жайылып жүргөн жеринен дайыны чыкпай калган эле.

Жылкылар Манас районунун Талас айылынын тогуз, Көк-Дөбө айылынын жети тургунуна таандык болгон.