Таласта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду

1251

Тараз — Талас — Суусамыр автожолундагы Кара-Ой айылына жакын жерде автоунаа аласалып кетип, үч киши каза тапты.

Областтык милициянын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгы 30-июлда түнкү саат 23.30 чамасында болуп, анда айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, аласалып кеткен. Бул кырсыктан 47 жаштагы аял менен 11 жаштагы бала жеринде мурт кетсе, 9 жаштагы бала аймактык ооруканага баратканда үзүлгөн. Автоунаада 5 киши болсо, айдоочусу менен дагы бир жүргүнчү олуттуу жаракат алган эмес.

Жол кырсыгынын күбөлөрүнүн айтымында, кырсык болгон жолдун бөлүгүнө жакында эле шагыл төгүлгөн. Жол кырсыгынын келип чыгышына дал ушул көрүнүш да себеп болушу мүмкүн дешет алар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.