Таласта жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшкөн Жерүй кени (видео)

1313

“Бакубат Талас” фондунун колдоосу менен өткөн жылы Талас областында ишкана жана кайра иштетүүчү өнөр жай жаатында 11 миллион сомдук 5 долбоор каржыланган. Аймакта жаңы өндүрүштөрдүн ишке кириши менен кошумча 150 жумушчу орундары пайда болду.

«Альянс Алтын» компаниясы Жерүй кенин иштетүүдөн түшкөн каражатка Таласта жумушчу орундарын түзүүгө өзгөчө маани берүүдө, дешет жергиликтүүлөр. Ошондой эле, кенди иштетүүдө жумушка да жергиликтүү тургундарды алууга басым жасайт. Учурда Жерүйдө 650дөй кызматкер иштесе, анын 70 пайызы жергиликтүү тургундар.