Таластагы куураган туя көчөттөрү (видео)

1334

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары туя көчөттөрүнүн куурап калышы боюнча сотко кайрылууга белсенип жатышат. Бир жыл мурда эле 4,5 миллион сомго сатып алынып отургузулган көчөттөрдүн 80% куурап калган.

Шаардык мэриянын өкүлдөрү болсо туялар кепилдик менен жеткирилгенин, эгер тамыр алып кетпесе, тендерден уткан компания кайра башкаларын алып келип отургузат дешет. Ошол эле учурда «ооруга кабылып куурап жатат» деген көчөттөрдү дарылоо аракеттери да жүрүп жатыптыр.